УКМК акча талап кылып коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

18-май күнү акча каражаттарын опузалап талап кылып алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1990-жылы туулган Б.К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан “А.Д.”, “А.М.”, “М.М.” жана “К.Б.” аттуу адамдар Казакстан Республикасынын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан.
Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Е.Д.А. аттуу ишкерден 20 000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагыраагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.