ОшТВ телерадиокомпаниясы

УКМК А.Акаевге коюлган айыптар алынып салынды деген маалыматка жооп берди

 УКМК  А.Акаевге коюлган айыптар алынып салынды деген маалыматка жооп берди

Атайын кызмат «Кумтөр» иши боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат. «Кумтөр» иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатат. Мындан тышкары, мурдагы президент Аскар Акаевге 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды», — деп айтылат  УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, Кумтөр иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканы кошумчаланган.

Мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылган. Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Эске салсак, 14-декабрь күнү мурдагы президент Аскар Акаев “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу Кыргызстанга келген. Ал кайра кеткенден кийин, орусиялык “Московский комсомолец” басылмасына берген маегинде, ага карата “куугунтук токтотулганын”, “бардык иштер жабылганын” айткан эле.

Жанылыктар