УКМК: 17 кг баңги заты бар жүк кармалды

 УКМК: 17 кг баңги заты бар жүк кармалды

УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө «ТР-КР» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды – афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Ушул жылдын 8-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган. Алардан жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жанылыктар