ОшТВ телерадиокомпаниясы

UFCнин 6 жолку чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарында

 UFCнин 6 жолку чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарында

Кечээ, 12-декабрда UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келип, Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолугушту. Спорт сүйүүчүлөрүн бул иш-чарага катышып, каалаган суроолоруна жооп ала алышты. Активдүү катышуучуларга чемпиондон кол тамга жана белектер ыйгарылды.

Экинчи калаага спортчунун  тренери мене  апасы да келди. Жолугушуу иш-чарасында  президенттин Ош облусундагы өкулүнү орун басары Данияр Жаныкулов губернатордун белегин тапшырды.

Валентина Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат.UFC чемпиону Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө барып, күйөрмандары менен чогуу машыгат.

Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери алты жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргой алды.

Жанылыктар