UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президентти Руслан Кыдырмышев инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.
Шевченко 21-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Бишкектеги “Манас 2” эл аралык аэропортуна келип конот.
Ал эми 22-ноябрда саат 14:00дө Novotel мейманканасында маалымат жыйын өтүп, ошол эле күнү саат 16:00дө “Аю гранд” соода борборунда күйөрмандар менен жолугушуу болот.
Эскерте кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын чемпиондук курун алты ирет коргоп калган.