Тыюу салынган экстремисттик уюмдун «аялдар канатынын» ишмердүүлүгү аныкталды

 Тыюу салынган экстремисттик уюмдун «аялдар канатынын» ишмердүүлүгү аныкталды

Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир вал Исламия» экстремисттик уюмунун «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды. Бул туурасында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымтта айтылгандай, ушул жылдын 14-октябрында жана 4-ноябрында 5 жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендигин тастыкталган ири өлчөмдөгү буюм далилдери табылып алынган.

Учурда айыпталуучуларга карата сотко чейинки өндүрүштө зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар