Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота тапшырды

 Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота тапшырды

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракетине байланыштуу нааразычылык нотасы тапшырылды.

Маалыматта тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганы белгиленди.

“Кыргыз тарап жетишилген бардык макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келе турган кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана чек ара саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек дагы бир жолу баса белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, кыргыз-тажик чек арасында бүгүн, 16-сентябрда кырдаал кайра курчуду. Тажик тарап курал менен кол салып, 11 жаран жаракат алганы кабарланды. Учурда чек аралаш аймактагы жарандар эвакуацияланып жатат.

Жанылыктар