Тынар Шаршенбеков Польшадагы эл аралык мелдеште алтын медал утту

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдешинде алтын медал тагынды.Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматында, Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда ирандык Сэм Далири Хоссейн менен күрөшүп, аны 3:1 эсебинде жеңди.25 жаштагы Тынар Шаршенбеков быйыл 19-апрелде Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал утуп, чемпион аталган. Тынар Шаршенбеков чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында 2019-жылы 5-орунду ээлеген.