Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол фонду түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол фонду түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул чечим транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, төмөнкүлөрдү түзүү чечими кабыл алынды:
— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
— бир катар мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы.
Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын уставы;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставы;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүш-инновация борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо;
5) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын уставы.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жол-курулушу тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленген.