Транспорт министрлиги Кыргызстанда кайсы жолдорго акы төлөнөрүн билдирди

Кыргызстандын Чүй облусундагы айланма жолуна акы алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында транспорт министринин орун басары Уланбек Калмамбетов билдирди.
Анын айтымында, айланма жол реконструкцияланат. «Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. “Дордой” базарынын аймагында узун тыгындар бар экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Айланма жол ыңгайлуу жана эл аралык стандарттарга жооп берет», – деди чиновник.
Уланбек Калмамбетов белгилегендей, Өзгөн шаарынын айланып өтүүчү жолуна да акы төлөнө турган болот. «Түндүк-түштүк жолунун туннелине жана эстакадалык көпүрөсүнө дагы акы төлөнөт», – деди ал.
Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар жолуна да акы алынаарын билдирген.