Тосор ашуусунда калган малчыларды куткарууга куткаруучулар жөнөп кетти

 Тосор ашуусунда калган малчыларды куткарууга куткаруучулар  жөнөп кетти

Тоң районунун малчылары Тосор ашуусунда калып калган. Бул туурасында Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнө кабарлаган.

Аларды куткаруу үчүн ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнөн кызматкерлер жөнөп кетишкен.

Алдын ала маалыматка караганда ашууда 2 малчы 30 уй, 80 жылкысы менен турат.

Сырт өрөөнү аркылуу Нарындын жайлоолоруна да ашып түшсө болот. Өрөөндү негизинен Тоңдун чабандары жайлайт.

Май айындагы жааган кардан өрөөнгө кеткен жол, ашуулар бекип калып, малчыларга каттоо кыйынчылык жаратууда.

Жанылыктар