ОшТВ телерадиокомпаниясы

“Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

 “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына байланыштуу 2022-жылдын 1-январынан 3-январына чейин кыргыз-кытай чек арасынын «Торугарт – автожол» жана «Эркечтам – автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Демилгени Кытай тарап көтөргөн. Айтылган күндөрдө унаалар жана жүк өткөрүлбөйт.

Көзөмөл-өткөрүү пункттары 4-январдан тарта атайын алгоритмге ылайык ишин улантат.

Жанылыктар