Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,9 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 10-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 960 млн куб метрди түздү. Бул туурасында “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Такталгандай, суунун агып келиши секундасына 163 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 747 куб метрди түзүүдө.
Былтыр ушул маалда суунун көлөмү 8 млрд 734 млн куб метр болгон.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.