Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге чейин азайды

 Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 2-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 85 млн куб метрди түздү. Бул туурасында “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун көлөмү былтыр ушул мезгилде 8 млрд 130 млн куб метрди түзгөн.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 443 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар