Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу башталды

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык боюнча театр, кино, музыка, драматургия, көркөм сүрөт искусство, адабият жаатындагы чыгармачылык иштерди кабыл алат. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Адабият (поэзия, проза) багыты боюнча документтер 30-декабрда саат 17.00гө чейин, калгандары 20-декабрь саат 17.00гө чейин кабыл алынат.
Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле республиканын чыгармачыл союздары чыгармачыл эмгектерди берүүгө укуктуу.
2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарыяланган макалалар кароого кабыл алынат.
Мамлекеттик сыйлыкка төмөндөгүлөр кабыл алынбайт:
— чыгармалардын жыйнактары;
— тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
— изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
— концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.
Толук маалыматты 0312962146, 031296214 телефондор аркылуу билсеңиздер болот.