Токмоктогу аксакал акчасын кайрымдуулукка жумшады

 Токмоктогу аксакал акчасын кайрымдуулукка жумшады

Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун уурдаткан аксакал эл чогултуп берген акчаны кайрымдуулукка жумшады. Аксакал акчаны рак илдетине чалдыккан баланын дарылануусу үчүн берди.

 “Наристе сакайып кетсин. Келечеги кең болуп, Кыргызстандын атактуу жаштарынан болуп өссүн”,-деди аксакал.

Эске салсак, 16-октябрь күнү Токмоктогу мал базарга баласынын ашына жылкы алганы келген аксакал акчасын уурдатып жиберген. Мунун айынан мал базардагы жарандар ошол эле жерден 115 миң сом чогултуп беришкен. Көп өтпөй карыянын 120 миң сом акчасын уурдады делген адам кармалып, акчасын кайтарып берди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар