Токмокто мал базардан карыянын акчасын уурдаган жаран кармалып, акчасын кайтарып берди

 Токмокто мал базардан карыянын акчасын уурдаган жаран кармалып, акчасын кайтарып берди

Токмок шаарындагы мал базардан карыянын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен. Карыя мал базарга баласынын ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмышка шектелип Токмок шаарынын 39 жаштагы Г.У. аттуу жараны кармалды. Шектүү уурдалган акчаны андан ары жабыркаган жаранга берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде айып тагылды.

Эскерте кетсек, ошол эле күнү Токмокто мал базардан акчасын уурдаткан карыяга жергиликтүүлөр 115 миң сом чогултуп беришкен.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар