Токмокто акча урдоо фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

 Токмокто акча урдоо фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

Токмокто мал базардан акчасын уурдатып алган карыяга жергиликтүүлөр 117 миң сом чогултуп беришти.

Видеонун авторунун сөзүнө таянсак, карыя мал базарга аш өткөрүүгө жылкы алганы келип, бирок 120 миң сомун уурдатып алган. Базарга келген кайдыгер эмес жарандар карыяга 117 миң сом чогултуп беришкен.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүнү издөөдө.

Жанылыктар