Токмокто өспүрүмдөрдү зордуктоого шектүү 80 жаштагы карыя камалды

 Токмокто өспүрүмдөрдү зордуктоого шектүү 80 жаштагы карыя камалды

Бир тууган өспүрүмдөрдү зордуктап жүргөн 80 жаштагы карыя Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин милиция 2022-жылдын 19-декабрында Токмок шаарынын тургуну 2010-жылы туулган кыздын боюнда бар (8 айлык) фактысы аныкталганын билдирген.

Андан көп өтпөй Токмок шаарынын тургуну Г.Р. арыз менен кайрылып, анда ал 12 жана 14 жаштагы кыздары менен өзүнүн үйүндө жыныстык катнашта болгон 1942-жылы туулган Д.В.га карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүп эже-сиңдилер 2022-жылдын жаз айынан бери 80 жаштагы карыя Д.В.га үйүн тазалоого жардам берип келишкен. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, тактап айтканда, соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык жана психиатриялык. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жаран Д.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошентип, 2022-жылдын 31-декабрында Токмок шаардык соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар