Токмок шаарында мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

“Автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык Совети” коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютанын ишин жүргүзгөндүгү аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, Токмок шаардык салык кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана 1988-ж.т. Д.Т.А. аттуу жарандын катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылды.
“Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган. Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген”,-деп белгилешти УКМКдан.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.