Токаев:Мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн бардык аракетин жумшашы керек

 Токаев:Мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн бардык аракетин жумшашы керек

Акыркы жылдары аймактык кызматташтык бардык деңгээлде бекемделди. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.Токаевдин айтымында, мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн бардык аракетин жумшашы керек.”Чек араларда атылган ар бир октун үнү тиешелүү мамлекеттерге гана эмес, бүтүндөй регионго оор болуп жаңырып турат. Андыктан бүгүнкүдөй кризистик шартта биздин өлкөлөр карама-каршылыктарды цивилизациялуу жол менен жеңип, биримдиктин үлгүсүн көрсөтүшү керек”, — деди Токаев.Ал талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чечсе болорун баса белгиледи.”Башка альтернатива жок. Бул көйгөйлөрдү кечиктирүү же көз жаздымда калтыруу эскалацияга алып келет”, — деди ал.

Жанылыктар