Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштады

 Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштады. Бул туурасында “Известия” гезити жазып чыкты.

Токаев парламенттеги жыйында президенттик шайлоону ушул жылдын күз айларында өткөрүүнү сунуштады. Ал президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин кыскартуу туура болорун кошумчалаган.

Токаев конституциялык реформада каралган бардык институционалдык өзгөртүүлөр жылдын аягына чейин аякташы керектигин белгиледи.

Эске сала кетсек, Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын июнь айында президент болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы добуш берген.

 

Жанылыктар