Токаев Казакстандын президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү

 Токаев Казакстандын президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү

Казакстандын бийликтеги “Аманат” партиясы азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер катары көрсөттү.  

“Бир добуштан чечим кабыл алынды. “Аманат” партиясынын XXIV съездинин чечими менен Касым-Жомарт Кемелевич Токаев Казакстандын Президенттигине талапкер болуп көрсөтүлдү”, – деди Аманат партиясынын катчысы Асхат Оралов.

Белгилесек, талапкерлерди көрсөтүү 11-октябрда, аларды каттоо 21-октябрда аяктайт. Шайлоо күрөөсү 3 миллион теңге (азыркы курс менен дээрлик 6200 доллар) болот.

Үгүт кампаниясы 21-октябрда башталат. 19-ноябрь – жымжырттык күнү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бир апта аралыгында чыгат.

Казакстанда президенттикке 40 жаштан ашкан, мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес иштеген, акыркы 15 жылдан бери өлкө ичинде жашаган жарандар талапкер боло алат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.

 

Жанылыктар