Токаев: «Камбар-Ата-1» ГЭСи жөнүндө үч президент алдын ала макулдашты

 Токаев: «Камбар-Ата-1» ГЭСи жөнүндө үч президент алдын ала макулдашты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди.
«Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлколөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет»,-деди Токаев

Жанылыктар