Токаев: эл “реформаларды колдой турганын” көрсөттү

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча июнь айында өткөн референдумдун жыйынтыгы элдин “биримдигин” жана “масштабдуу реформаларды чечкиндүү түрдө колдой турганын” көрсөттү. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап жатып билдирди.
30-августта президенттин куттуктоосун Акордо жарыялады. Анда “жаңы Казакстан” жөнүндө айтылган. Кандуу Январь окуяларынан кийин Токаев менен анын командасы “адилеттүү” мамлекет курууга багыт алганын жар салып, конститциялык өзгөртүүлөрдүн максаты “жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу” экенин билдирген.
Казак бийлиги шайлоо, тынч жыйындар жана партиялар тууралуу мыйзамдарга киргизилген бир катар өзгөртүүлөрдү реформалар деп атоодо. Бирок айрым казакстандыктар бул өзгөртүүлөр косметикалык мүнөзгө гана ээ экенин айтып келишет.
Казакстанда референдум 5-июнда өтүп, анын жыйынтыгы менен Конституцияга Токаев демилгелеген 56 өзгөртүү киргизилген. Бийлик бул өзгөртүүлөр менен президенттин бийлиги азайып, парламенттин ыйгарым укуктары көбөйгөнүн билдирүүдө.
Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр, анын ичинде мамлекет башчылык кызматка катары менен эки сапардан ашык талапкер болуу укугу жана анын макамы менен ыйгарым укуктары Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныктала турганы жөнүндөгү пункттар алынып салынды. Мындан тышкары Назарбаев “эгемен Казакстандын түптөөчүсү” деген сүйлөм да алынды.
Казакстандын Конституциясы 1995-жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынып, бир нече жолу өзгөртүүлөргө киргизилген.