TMG телеканалы коркутууга кабылганын билдирип, милицияга кайрылды

 TMG телеканалы коркутууга кабылганын билдирип, милицияга кайрылды

«Т-Медиа» редакциясынын кызматтык телефонуна белгисиз адамдан чалуу болуп,  «редакциянын кеңсесин өрттөп кетем» деп коркутууга алды. Бул тууралуу аталган редакция жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам, телефондон кээ бир кызматкерлердин, директордун аты-жөндөрүн сурап баштаган. Телефонду алган кызматкер ким экендигин, эмне максатта байланышып жаткандыгын сураганда коркутууга алган.

«Офисиңерди өрттөм кетем. Мен силерди билем», — деген ал.

Мындан улам редакция Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Милиция фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттады. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле редакция медиа юристтер менен да иш алып барууда.

Жанылыктар