ТИМдин эки кызматкери Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Польшага барды

 ТИМдин эки кызматкери Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Польшага барды

Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү максатында Тышкы иштер министрлигинин эки кызматкери Польшага барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда алар Варшавада иш алып барууда. Польшанын шаарларындагы бардык пункттарды кыдырып чыгышып, кыргызстандыктарга тамак-аш уюштурулган. Андан тышкары жарандардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелери боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

8-мартка карата Кыргызстанга келген жарандар:

– Венгриядан — 91 жаран.

Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:

Польша — 201 (Элчиликтин көмөгү менен 150 жаран киргизилген);

Словакия -20,

Румыния- 19,

Түркия – 66,

Молдова – 21,

Чехия — 85,

Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13.

Учурда коопсуз жерлерге (үчүнчү өлкөлөргө) жалпысынан 412 Кыргызстандын жараны чыгарылды.

Ал эми Украинанын шаарларында 107дөн ашуун кыргызстандык калууда. Алардын 38и согуштук аймактарда: Запорожье шаарында – 4, Николаевская облусунда – 10, Киев облусу – 6 (Борзель шаарында – 3 жана Буча шаарчасында -3),  Житомирс облусу Панасивка айылында – 3,  Харьков шаарында – 6, Киев шаарында – 9. Айрым жарандар объективдүү себептерден улам Украинада калуу каалоосун билдирген учурлар бар экенин министрлик кошумчалады.

Жанылыктар