ТИМ: Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын жараны бар

 ТИМ: Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын жараны бар

Учурда Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын тургуну калууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ал жактагы жарандар менен туруктуу байланышта.

“2022-жылдын октябрь айына карата алардын арасында жабыркаган же каза болгондор жок. Эгер арасында Кыргызстанга кайтабыз дегендер болсо элчилик тарабынан көмөк көрсөтүлөт”, – деди ал.

Маалыматтарга караганда, Украинанын аймагындагы аскердик аракеттерге байланыштуу 551 жаран Кыргызстанга алып келинген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар