ТИМ тажикстандыктарга куугунтук болуп жатат деген маалыматты төгүндөдү

 ТИМ тажикстандыктарга куугунтук болуп жатат деген маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын дипломатиялык мекемесинин “тажикстандыктарга жана этникалык тажиктерге куугунтук болуп жатканы” боюнча маалыматты четке какты.

Министрлик “Тажикстан ТИМинин чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тараптардын ортосундагы тынчтыкты бузууга жана Пандоранын кутусун ачууга жасаган акыркы аракеттерине каршы чечкиндүү нааразылык билдире турганын” белгилеп, бул билдирүүнү чагым катары эсептеген.

“Тажик тараптын Кыргызстанда “тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоонун кандайдыр бир саясатынын” бар экендиги тууралуу билдирүүсү таптакыр туура эмес жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чындыктан алыс экенин жана Кыргызстандагы абалы тууралуу эч кандай түшүнүгү жок экенин көрсөтүп турат”, – деп айтылат маалыматта.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүдөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салышкан.

Жанылыктар