ТИМ:Түркиядан 17 кыргызстандык эвакуацияланды

Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 17 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.
Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды.
Ошондой эле Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү тарабынан 10 кыргыз жараны Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды.
Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 7 миң 108, ал эми жабыркагандардын саны 40 миң 910 адамга жеткени кабарланды.
КР ТИМдин акыркы маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.