Тиллаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болду

 Тиллаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болду

Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 20-январда министрдин жаңы орун басарын жалпы жамаатка министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырды. Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.

Билими:

2005 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1995 — Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер;

1999-2000 — «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;

2001-2003 — Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;

2003-2007 — Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.

2012-2013 — «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;

2013-2014 — «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунун башкы директору;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат.

Жанылыктар