“ТИЕНС” (“Тяньши” ат менен таанымал) фирмасынын Оштогу өкүлү кармалды

 “ТИЕНС” (“Тяньши” ат менен таанымал) фирмасынын Оштогу өкүлү кармалды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “ТИЕНС” (“Тяньши” ат менен таанымал) фирмасынын Оштогу өкүлү кармалды
2022-жылдын 17-апрель күнү милицияга Ош шаарындагы «ТИЕНС» (Тяньши) деген аталышындагы фирмадан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген О.Т. анын ишенимине кирип, “Сиз фирмага 210 миӊ төлөп, “ 6 жылдыз” даражасын алсаӊыз, айына 23000 (жыйырма үч миӊ) сом айлык маяна берилет, андан сырткары 210 миӊ сом акчаӊыз дагы сиздики болот” деп айтып алдап, жабырлануучудан 210 000 сом акчасын алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгү аныкталган.
Натыйжада, жабырлануучуга 210 000 (эки жүз он мин) сом материалдык зыян келтирилген.
Бул боюнча 209-берене менен  кылмыш иши козголуп,Чүй облусунун тургуну, 1997-жылы туулган О.Т. кармалган. Ал 26-июлда шектүү катары Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ош шаарпдык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул фирмадан жабыркаган жарандар болсо, башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.

Жанылыктар