ОшТВ телерадиокомпаниясы

Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

 Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Кечээ,  1-декабрь күнү Текебаевге Бишкекте  кол салуу болгон. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Окуяны  өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Жанылыктар