Техаста мектептеги ок атуудан 18 бала жана бир мугалим көз жумду

АКШнын Техас штатынын Ювалд шаарында мектептердин биринде ок атылды. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.
Окту 18 жаштагы жергиликтүү тургун Сальвадор Ромас чыгарган. Ромаста бир тапанча жана жарым автоматтык винтовка AR-15 куралы болгон.
Полициянын маалыматына ылайык, 18 жаштагы жигит мектепке барардан мурда өзүнүн чоң энесин атып салган. Бирок, ал оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ал эми мектепте чыгарган октон жалпы 18 бала жана бир мугалим көз жумду. Ошондой эле эки полиция кызматкери жабыркаган.
Окуя “Робб” мектебинде болгон, ал жерде 7-10 жаштагы балдар билим алышат.
Техас штатынын губернатору Грег Эбботтун айтымында, Ювалда мектебиндеги атышууну жалгыз адам кылып, окуя болгон жерге келген полиция аны жок кылган. Губернатордун айтымында, шектүү тапанча менен куралданган, андан тышкары анын жанында мылтык да болушу ыктымал.
Анын айтымында, 13 мектеп окуучусуна медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө Сан-Антонио шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя шейшемби күнү саат 12:00дөр чамасында (Бишкек убактысы боюнча 23:00) башталып, бир сааттан кийин полиция куралчан адам кармалганын жарыялаган. Анын себептери жана жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат азырынча жок.