Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

 Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Анын кайрылуусу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Анын ден соолугу азыр абдан начар. Аны мындай абалда камакта кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн мен жанымды берүүгө даярмын. Анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Анын катуу жүрөк оорусу бар, кан басымы да жогору”, – деп жазылган Илмира Алпысбаеванын кайрылуусунда.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” акча кымырган коррупциялык ишке байланыштуу камалганын 13-сентябрда билдирген. Аны менен кошо жабдуу бөлүмүн башчысы Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Ага байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 3-октябрда доо-арыздын негизинде анын бөгөт чарасы шаардык сотто каралып, буга чейинки чечим күчүндө калтырылган. Бөлтүрүк учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар