Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр боюнча эки жуманын ичинде отчет берүүгө милдеттендирилди

 Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр боюнча эки жуманын ичинде отчет берүүгө милдеттендирилди

Министрлер кабинети Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр” компаниясындагы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Теңгиз Бөлтүрүк отчетту эки жуманын ичинде бериши керек.

Буга чейин “Кумтөр” компаниясы боюнча текшерүү жүрүп, финансылык мыйзам бузуулар катталганы аныкталган. Анын ичинде күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы такталган.

Ага байланыштуу,  компанияны жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

Жанылыктар