Тажикстанга дизель майын жана энергетикалык суусундукту мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

 Тажикстанга дизель майын жана энергетикалык суусундукту мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу майларды жана энергетикалык суусундуктарды алып өтүүнү токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, Жаштык айылында чек ара кезмети тарабынан КР жарандарынын башкаруусундагы «Жигули» жана «Опел-Вектра» үлгүсүндөгү унаалар кармалган. Алар Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майларды (солярка) аткезчилик жол менен алып өтүүнү көздөшкөн.

Ошондой эле, Лейлек районунун Бешкент аймагынан чек арачылар Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Кыргызстандык 400 таңгак энергетикалык суусундукту Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы баасы 500 миң сомго жакын болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, күйүүчү май жана энергетикалык суусундуктар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү  органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жанылыктар