Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын саны 46га жетти

 Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын саны 46га жетти

Бүгүн, 18-сентябрь саат 17:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 46 кыргызстандык мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпы 140 адам кайрылган, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда – 71;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

4. Тез жардам ооруканасы – 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 бейтап жаткырылган.

Белгиленгендей, калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

“Бардык жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү. Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Ошентип, мерт кеткендердин саны 46 адамга жетти”, – деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар