Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Аскер Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Константиновка айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан мерт кеткен Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди.
Мирлан Какеев Костантиновка айылында 1988-жылы туулган. Маркумдун артында эки баласы, жубайы калды.
Мирлан Какеев ушул жылдын июнь айынан тарта Баткен облусундагы 707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келген.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.