Тажикстандын кол салуусунан кийин атайын таратылган фейк маалыматтары. Фактчек

 Тажикстандын кол салуусунан кийин атайын таратылган фейк маалыматтары. Фактчек

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан кийин тажик интернет колдонуучулары жана айрым басылмалары бир канча фейк маалыматтарды таратышты. Биз алардын айрымдарын текшерип көрүп, фейк же окуяга тиешеси жок экенин аныктадык.

Биринчи сүрөт: Тажикстандык Мархабо Мусодухт аттуу facebook колдонуучу төмөндөгү сүрөттү баракчасына жарыялап, Кыргызстан мечитти жана бала бакчаны учкучсуз учак менен жардырды деп фейк маалымат жазган.

Биз сүрөттү Google аркылуу издөө салсак, жогорудагы сүрөттү колдонуп чет элдик бир канча басылмалар маалымат жазып чыкканына күбө болобуз.

Индонезиялык en.antaranews.com басылмасынын маалыматына таянсак, жогорудагы сүрөттөгү окуя 2013-жылы болгон. Анда Пакистандын түндүк-батышында америкалык пилотсуз учактардын чабуулунан кийин тартылган сүрөт экенин көрүүгө болот. 

Экинчи сүрөт: Төмөндөгү сүрөттү да Google аркылуу издеп көрсөк, анда буга чейин бир канча тажикстандык басылмалар жарыялаганын көрүүгө болот. 

Спутниктин тажик кызматы аталган сүрөттү ушул жылдын 27-июнунда Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шомадовго шилтеме берип жарыялаган. Анда бул сүрөт чек арага чектеш Ворух айылында катуу селден кийин тартылганына күбө болобуз. Сел бир канча үйлөрдү жарактан чыгарганын бирок бир дагы адам жабыркабаганы жазылган.

Үчүнчү сүрөт: төмөндөгү сүрөттү тажикстандык azda.tvнын орусча жана тажикче редакциялары жарыялаган. Анда аталган басылма Тажикстандын Исфара жана Бобожон Гафуров райондорунун чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланып жатканы чагылдырылган фото-видеолорду алганын баса белгилеп жазган. Анын далили катары төмөндөгү сүрөттү көрсөткөн. 

Сүрөттүн датасы 16-сентябрь күнү саат 13: 17де жарыяланган.

Бул сүрөттү биз Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин facebookтагы баракчасынан таптык.  таптык. Анда КРнын ӨКМи сүрөттү тажикстандын ММКларынан дээрлик үч саат мурун, тагыраагы 16-сентябрь күнү саат 10: 08дө жарыялаганын көрүүгө болот. 

Үчүнчү сүрөт: Тажикстандын бир катар интернет колдонуучулары жана массалык маалымат каражаттары “кыргыз аскерлери тез жардам автоунаасын аткылады” деген маалымат чыгарган. 

Биз сүрөттү Google аркылуу издөө салсак, буга чейин эле бир канча тажикстандык басылмалар жарыялаганына күбө болобуз.

Сүрөттү 28-январында «Азия Плюс» маалымат агенттиги Исфара шаардык мэриясына шилтеме берип жарыялаган. 

Чек арадагы жаңжалда Тажикстандын дагы бир жараны, тез жардам кызматынын айдоочусу каза болду» деген баштема менен макала жарыялаган. Демек аталган сүрөт учурдагы чек ара чырына тиешеси жок деген тыянак чыгарсак болот.

Жыйынтык: Социалдык тармактагы Тажикстандын кээ бир колдонуучулары жана айрым басылмалар жаңжалды өз пайдасына колдонуп, фейк сүрөттөрдү таратууда. 

Ош ТВ: адам өмүрүн алып, тагдырларды талкалаган чек ара жаңжалын өз пайдасына колдонуп, чыр-чатактын андан ары өсүшүнө шарт түзгөн айрым тажикстандык интернет колдонуучулары жана сайттары мындай учурда фейк таратканы кооптуу жана кесиптик этиканын одоно бузулушуна алып келет.

Жанылыктар