Тажикстандын калкы 10 миллион кишиге жетти

“Ховар” улуттук маалымат агенттиги кабарлагандай, Фирдавс деген ымыркай 23-июлда Дүйшөмбүдөгү төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Дарыгерлер бала менен эненин саламаттыгы жакшы деп маалымдашты.Ымыркайдын атасы – эмгек мигранты, энеси – үй кожойкеси. Мамлекет үй-бүлөгө борбор шаардан үч бөлмө батир берди.Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөнүн калкынын 50,7 пайызы эркектер, 49,3 пайызы аялдар.15-июлда Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён быйыл биринчи жарым жылда 111,5 бала төрөлгөнүн, былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө караганда бул 6% көп экенин билдирген.Тажикстанда 2020-жылы өткөн эл каттоонун жыйынтыгында калктын саны 9 миллион 661 миң кишини түзөөрү маалымдалган.Тажикстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен калктын өсүшү жагынан биринчи орунда турат. Борбор Азияда калкынын саны боюнча үчүнчү өлкө.Божомолдорго ылайык, 2030-жылга карай калктын саны 11 миллионго жетиши ыктымал.Бийлик 2000-жылдардан бери “үй-бүлөнү пландоого” үгүттөп келет.