Телерадиокомпания

Тажикстандан Кыргызстанга кимдер кире тургандыгы боюнча тизме жарыяланды.

 Тажикстандан Кыргызстанга кимдер кире тургандыгы боюнча тизме жарыяланды.

Кыргызстанга Тажикстандан этникалык кыргыздар, коңшу өлкөнүн жарандыгы бар кыргызстандыктардын жашы жете элек балдары, студенттер жана окуу жайларда сабак берген мугалимдер келгенге болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Алар:
Өлкөсүнө кайтып келе жаткан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары;
Эки өлкөнүн каттоодон өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши керек);
Чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши шарт);
Этникалык кыргыздардын иммиграциясы жана аларга кепилдиктерди берүү боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийгендер (ЕАЭБ ченемдери боюнча товарлардын жана транспорттордун киришин документ түрүндө ырастоо менен);
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга тартылган Тажикстандын жарандары, товарлары жана транспорттору (Энергетика министрлигинин өтүнүчү боюнча);
Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуган, окууга тапшырган жана окутуучу/мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандары (Билим берүү жана илим министрлиги сурам жөнөтүшү керек);
Тажикстандын жарандыгы бар КР жарандарынын жашы жете элек балдары (тууган экенин ырастаган документ керек).
Аталган кызматтын тараткан маалыматында «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордөбө» жана «Карамык» көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу адам, товар жана транспортту өткөрүүгө тыюу салынганын, бирок төмөндө аталгандарга өтүүгө боло турганы айтылат.
Бирок, алар Кыргызстандын аймагына үчүнчү өлкө аркылуу кирүүгө болбойт.

Жанылыктар