Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келаткан товар кармалды

 Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келаткан товар кармалды

Баткен районундагы чек арага жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан “БМВ-520” үлгүсүндөгү  унааны  текшерүү максатында токтотууга аракет жасашкан. Бирок милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбестен, унааны токтотпостон айдоочу качып, Баткен шаарынын аймагынан кармалган.

«Унааны текшерген учурда 6 чоң капка салынган ар биринде 500 даанадан жалпы 3 000 күнүмдүк турмушта керектелүүчү каптар табылган. Бул каптарды каяктан чыккандыгын сураган учурда коңшулаш Тажикстандан чыккандыгын айтып, аткезчилик жол менен алып келгенин билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Айдоочунун өздүгүн тактоо учурунда ал Баткен районунун тургуну 1983-жылы туулган Н.Ж. экени аныкталды.

Аталган факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар