Тажикстандагы этникалык кыргыздар жардам сурап кайрылышты

 Тажикстандагы этникалык кыргыздар жардам сурап кайрылышты

Тажикстандагы этникалык кыргыздар жардамга муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Эл өкүлү Тажикстанда жашаган кыргыздар чек ара жаңжалынан улам жашаганга туруктуу жери жок кыйналып жатышканын айтты.

“ Чек арадагы чырларда этникалык кыргыздардын көбү Россия, Казакстанга чыгып кетишкен экен. Эми кооптонуп Тажикстанга кайра кире албай жатышат. Кыргызстанга келели дешсе, аларга тажик паспорту берилип калган. Ошондуктан арга таппай бизге жардам сурап кайрылышты”,-деди Айжигитов.

Бул маселени карап чыгуу өкмөткө протоколдук тапшырма катары жөнөтүлдү.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар