Тажикстанда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Тажикстанда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району менен чектешкен жеринде күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Табигый кырсык бүгүн, жергиликтүү убакыт менен алганда эрте мененки саат 5:37де катталган.
Казакстандын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөө Алма-Атада 2-3 баллга чейин сезилди.
Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.