Тажикстанда электр кубатына чектөө киргизилгени расмий түрдө тастыкталды

 Тажикстанда электр кубатына чектөө киргизилгени расмий түрдө тастыкталды

Тажикстандын мамлекеттик “Барки точик” энергохолдинги өлкөдө электр кубатына чектөө киргизилгенин расмий түрдө тастыктап, бул аргасыз чара экенин айтты. Соңку эки аптадан бери өлкөдө жарыкка кескин чектөөлөр кире баштаган.

Энергохолдингдин билдирүүсүндө Нурек суу сактагычы эң жогорку чекке чейин толсо да, суунун запасы жазга чейин жетпей калышы ыктымал экени белгиленген.

“Вахш дарыясынан жай мезгилинде орто эсеп менен секундасына 2-2,2 миң куб метр суу кирет, кышында бул көрсөткүч 150-200 куб метрге төмөндөйт. Электр кубатын өндүрүү үчүн кышында негизинен суу сактагычтагы суу колдонулат”, деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын ар кыл аймагынын жашоочулары сентябрдын аягынан бери маал-маалы менен электр энергиясы өчүрүлө баштаганына даттанышкан. Холдингдин жетекчилиги чектөө киргизилгенин мойнуна албай, муну оңдоо иштери менен байланыштырып келген.

“Барки точик” электр энергиясына киргизилген чектөө канчага чейин созуларын айткан жок жана жашоочуларды жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар