Тажикстанда диний китептерди саткан дүкөндөр жабылды

 Тажикстанда диний китептерди саткан дүкөндөр жабылды

Тажикстандын бийлиги Душанбенин борборундагы диний адабияттарды саткан дүкөндөрдү жапты.

Дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү мунун себебин түшүндүргөн жок.

2-сентябрда “Озоди” радиосунун кабарчылары Душанбенин борбордук мечитинин алдындагы диний адабияттарды саткан дүкөндөр жабылганына күбө болушкан. Бул жерде 10 дүкөн жайгашкан.

Алардын биринин ээси бийлик дүкөндөрдү үч апта мурун эле жаап кеткенин жана аларга диний адабияттарды сатууга уруксат бербей жатканын айткан.

Мечиттин тегерегиндеги дүкөндөр негизинен Комитеттин уруксаты менен чыккан же чет өлкөдөн алып келинген китептерди сатышат. Азырынча кайсыл китептер текшерилип жатканы тууралуу маалымат жок.

Тажикстанда диний китептер боюнча көйгөй биринчи жолу жаралып жактан жок. Жыл башында тажик бийлиги ооган ишкерине Куран китептерин алып кирүүгө тыюу салган. Аткаминерлер ишкер алдын ала уруксат алышы керек болгонун билдиришкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик өкмөтүн адамдардын дин тутуу эркиндигин чектеп, диний ырым-жырымдарга тоскоолдук кылып жатат деп сындап келет. Бийлик болсо кабыл алынган чечимдерди өлкөдө экстремизмдин күчөшүнө жол бербөө үчүн маанилүү деп эсептейт.

 

Жанылыктар