Камчыбек Ташиев Тажикстандан барымтадагы төрт жоокерди куткарып чыкты

 Камчыбек Ташиев Тажикстандан барымтадагы төрт жоокерди куткарып чыкты

Тажикстан тарап туткунга алган Кыргызстандык төрт аскер бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМК кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн түштөн кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдары жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагына барды. Анда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажиктер тарабынан колго түшүрүлгөн Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрт аскер кызматкери бошотулду.

19-сентябрь, саат 21:00гө каратаТашиев туткундан бошотулган төрт чек арачы менен бирге Баткендеги «Кызыл-Бел» өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кайтып келди.

“Барымтага алынган жоокерлердин абалы жакшы. Бирөө бутунан жаракат алган. Азыр аларды ооруканага алып барышты. Бүгүн же эртең туугандары алып кетишет”,-деди Ташиев.

Буга чейин тажик тарап туткунга алган аскерлердин дайыны чыкпай жатканы айтылган эле.

Жанылыктар