Тажикстан биринчи болуп кол салды. Президент БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү

 Тажикстан биринчи болуп кол салды. Президент БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, Кыргызстандын түштүк чек арасында түзүлгөн жагдайлар тууралуу билдирди.

“1991-жылдын декабрында Советтер Союзу тарагандан кийин талаштуу аймактар жана чек ара көйгөйлөрү келип чыккан. Алардын айрымдары ушул күнгө чейин жөнгө салына элек. Биз алгач ирет 1996-жылы Кытай Эл Республикасы жана 1999-жылы Казакстан Республикасы менен үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон жерин, чек араны жөнгө салуу маселелерин ийгиликтүү бүтүргөнбүз. Биз азыр Өзбекстан Республикасы менен биргелешкен иштерди дээрлик толугу менен аяктап, Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуга киришип жатабыз. Аталган үч коңшу өлкө менен мамлекеттик чек арабыз тынчтыктын, ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын чек арасына айлангандыгын зор кубаныч менен баса белгилеп кетем”,-деди Садыр Жапаров.

Ал эми Тажикстан тарап көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт деп белгилеген юридикалык документтин аткарылышын аткарбай жатканын билдирди.

“Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди. Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, Президент Рахмон менен жолугуштум. Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, Ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын”,-деди өлкө башчысы.

Президент ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Тажикстан тарап мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаганын баса белгиледи.

“140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу”,- деди Жапаров.

Президент ошондой эле тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки куралдуу кол салуусу боюнча документтештирилген далилдер бар экенин айтты. Муну менен ал Кыргызстан өз жерин башкаларга бербей турганын эскертти.

 

 

Жанылыктар