Тажик жараны:  “Рахмондун бийлиги атайын элди алаксытыш үчүн чагымчылдык кылууда”

 Тажик жараны:  “Рахмондун бийлиги атайын элди алаксытыш үчүн чагымчылдык кылууда”

Тажикстандын куралдуу күчтөрү оор ок атуучу техникаларын чек ара аймактарына алып келип, жергиликтүү элди дүрбөлөңгө салды. Бул тууралу өз атын атагысы келбеген тажик жаранынын билдирүүсүн Ворух маалымат агенттиги жарыялаган.

“Биз кыргыз-тажик конфликтин каалабайбыз. Эмомоли Рахмондун үй бүлөлүк башкаруусун сактап калуу үчүн курман болгубуз келбейт. Бийлик элди алаксытуу үчүн атайын чагымчылдык кылууда. Мунун аркасында Рахмондун бийлиги турат. Кыргыздар менен согушмак тургай , чыр-чатакты биз каалабайбыз. Ансызда Тажикстандагы кымбатчылык, оор жашоо жетишет. Россияга Ворух айылынан 70-80 пайызы көчүп кеткен. Айыл ичи баңгизат колдонгон аскерлерге толуп кетти. Коркуп жатабыз. Бул токтош керек”- деген ал.

Жанылыктар